Курстун программасы

Кайдзен пландаштырууну изилдөөнү негизги жана фундаменталдуу темалар менен баштайбыз:
- Эмне үчүн пландаштыруу бардык адамдар жана бардык жагдайлар үчүн маанилүү?
- Пландаштыруу бактылуулук, эрк жана кыймыл менен кандай байланышы бар?

Бул бөлүмдө биз пландаштырууга кандай ыкмалар бар экенин жана алардын арасында Кайдзен системасы кандай орунду ээлегенин талкуулайбыз, ошондой эле Кайзден пландаштыруунун башкалардын алдында артыкчылыгы эмнеде экенин аныктайбыз.

Кайдзен пландаштыруу түшүнүгүн жана анын негизги маанисин тереңирээк карап чыгабыз. Андан кийин, биз жашообузга Кайдзен системасын киргизүү үчүн биринчи жасай турган кадамыбызды аныктайбыз.

Мына эми "наконец-то" практикалык бөлүккө өтөбүз. Бул модульда Кайдзен пландаштыруунун этаптарын түшүнөбүз.

1-этап. Визуалдаштыруу.
Биз төмөнкү кадамдар менен жылышабыз:
биринчиден, маалыматты кантип жүктөө керек жана кандай жүктөө принциптери бар экени жөнүндө сүйлөшөбүз, андан кийин жашооңуздун сапатын жакшыртуу үчүн өз оюңузду кантип туура түзүүнү үйрөнөсүз. Биз ошондой эле ойлорду материалдаштыруу принцибине кеңири токтолобуз, анан мен сизге Кайдзен пландаштыруунун өзөгү – Канбан системасы жөнүндө айтып берем.

2-этап. Фильтрлөө
Бул этапта биз "МЕН КААЛАЙМ / ЖАСОО КЕРЕК" жана "Миссия" фильтрлери эмне үчүн керек экендигин билебиз жана бардык керексиз нерселерди кантип алып таштап, максаттарга жана каалоолорго карата убактыбызды туура бөлүштүрүүнү үйрөнөбүз.

3-этап. Эскертүүчү белгилер (метка)
Бул жерде сиздерге бир катар белгилердин варианттары жөнүндө сүйлөшөбүз, аларды сиз приоритеттүү иштер үчүн колдоно аласыз.

Бул модульда биз Канбан системасын жашообузга киргизе баштайбыз! Бул кандай тапшырмалар аткарылгандыгын жана астында кандай тапшырмалар тургандыгын, жана ошондой эле жашообуздун ар бир багыты боюнча иш кандай кетип атканын ачык айкын көрсөтүп турат.

Бул модулда биз жашооңуздун натыйжалуулугун жогорулатууга жардам бере турган куралдар жөнүндө сүйлөшөбүз. Долбоорлорду жана процесстерди башкарууда жана туура адаттарды калыптандырууда мүмкүн болушунча эффективдүү болууга жардам берген Кайдзен пландаштыруу жана Power management үчүн ыңгайлуу IT тиркемелери жөнүндө сүйлөшөбүз.